Энелер-Мария
ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДЕРДИН ӨНҮГҮҮСҮ АРКЫЛУУ ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ

БУЛ ШИЛТЕМЕ МЕНЕН КАТЫШУУ ҮЧҮН АРНАЗАНЫ 2024-ЖЫЛДЫН 8-ИЮНУНА ЧЕЙИН ТОЛТУРА АЛАСЫЗДАР.

 

Энелер-Мария - жаш муунга кучтуу таасирин берген, коомдогу негизги сегменттеринин бирине - ЭНЕЛЕРГЕ жана МУГАЛИМ-АЙЫМДАРГА багытталган долбоор болуп саналат. 

 

Долбоордун уникалдуулугу: 

  • Долбоорго катышуу акысыз; 
  • Энелерге жана мугалим-айымдарга арналган долбоор; 
  • Ар кандай тармакта өнүгүү(психология, финансылык, балдарды тарбиялоо, билимдин маанилуулугу ж.б) 
  • Эл аралык тажрыйбага ээ болгон спикерлер тарабынан уникалдуу тренингтер 

 

Биринчи этапка тандоонун негизги критерийлери: 

  • 18 жашка чейинки балдары бар энелер;  
  • 18 жашка чейинки балдарды окуткан мугалим-айымдар;  
  • Үйрөнүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана өнүгүүгө болгон чоң каалоо;  
  • Максатка умтулгандык жана демилгелүүлүк;  
  • Билимин жана тажрыйбасын балдар менен бөлүшүүгө умтулуу;  
  • Жаңы идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө ачыктык.  


Программага катышуунун баасы:

Биринчи жана экинчи этаптарга катышуу толугу менен акысыз.

Уюштуруучулар лагердин Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган катышуучуларынын жатаканасына, транспортуна, ошондой эле тамак-ашына байланыштуу чыгымдарын көтөрүшөт. 


Өткөрүлгөн мезгилдер:

  • Биринчи этап: 2024-жылдын 8-июнуна чейин
  • Экинчи этап (Ысык-Көлдө жайкы лагерь): июнь
  • Үчүнчү этап (Ментор менен топтук иштөө жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу.): июль-декабрь


Эгерде сиз жаңы чакырыктарга даяр болсоңуз, кесиптик жактан өсүүгө умтулсаңыз жана жаш муундун өнүгүшүнө салым кошкуңуз келсе, анда бул долбоор сиз үчүн!  

Долбоордун инстаграм баракчасында жана TouTube каналында катышуучулардын ой-пикирин таба аласыз @eneler_maria.


БАРДЫК ЭТАПТАРДА КАТЫШУУ УЧУРУНДА СИЗДИН БИР ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТАНЫЗДЫ ИШТЕТУУ ЗАРЫЛ

Бардык суроолор боюнча enelermaria.prokg@gmail.com электрондук почтасына жана +996 220 04 78 22 телефон номерине кайрылсаңыз болот.

Поддержать проект