Менин мектебим
«Менин мектебим» долбоору Клубдун эң алгачкы долбоорлорунун бири, анын негизги идеяларынын бириси – орто мектептердин жогорку класстагы окуучуларды жеке үлгү менен мотивациялоо.

"Менин мектебим" окуучулар менен мугалимдер үчүн профессионалдык сессиялары жана жеке өнүгүү боюнча билим берүү тренингдери аркылуу Кыргызстандын аймактардагы мектептерди өнүктүрүүгө багытталган стипендиялык долбоор.Долбоор 2010-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып, учурда Клуб Кыргызстандын бардык аймактарындагы 40тан ашык мектептерди камтыды.

Долбоордун биринчи этабында клубдун мүчөлөрү – ийгиликтүү адистер – жыл сайын күзүндө аймактардагы мектептерге таанышуу жолугуштарды уюштуруп, мектеп окуучуларына туура багыт берүү жана эмгекчилдик, максатка умтулуу, туруктуулук, жеке сапаттарды өнүктүрүү жана потенциалды ачуу сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүгө чакырышат. Бул жолугуш жүрүшүндө окуучуларга долбоор тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр тууралуу жана 11-класстын окуучулары арасында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган, эң ийгиликтүү окуучуларга акчалай сыйлыктарды тапшыруу сыяктуу стипендиялык конкурс тууралуу айтылат. Ошол мектептин мугалимдерине же класс жетекчилерге да акчалай сыйлыктар берилет. Долбоордун экинчи этабында Клубдун мүчөлөрү жыл сайын июнь айында, ЖРТнын жыйынтыгы жарыялангандан кийин, мектептерди барып, өз мектебинде ЖРТден эң жогорку балл алган 11-класстын биринчи үч окуучусун сыйлашат.

Клуб жыл ичинде окуучулардын жана мугалимдердин инсандык жана кесиптик өнүгүүсүнө арналган бир катар иш-чараларды жана тренингдерди өткөрөт. Биринчиден, шаар мектептеринин мугалимдери тарабынан, тажрыйба алмашуу максатында аймактык мектептердин мугалимдери үчүн семинарлар өткөрүлөт. Мындан тышкары, ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн, жалпы республикалык тестирлөөгө натыйжалуу даярдоо боюнча мугалимдер үчүн тренингдер өткөрүлөт.

Экинчиден, ProKG аймактагы окуучулар үчүн лидерлик, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, профессионалдык өсүү темаларында бир катар тренингдерди өткөрөт жана албетте, проектте камтылган мектептердеги 1000ден ашуун мотивациялуу окуучуларга стипендиялар берилет.

Үчүнчүдөн, жыл сайын мектеп окуучулары үчүн ишкердик, IT, Talking Club англис тилинде, кесипке багыт берүү боюнча клубдар уюштурулуп турат.

Жалпысынан, жыл сайын Кыргызстандагы долбоор камтыган мектептеринин 2000ден ашык окуучулары жана мугалимдери «Менин мектебим» долбоордун бенефициарлары болушат.

«Менин мектебим» долбооруна катышкан орто мектептердин тизмеси жана бул мектептерде долбоорду жетектеген клуб мүчөлөрү:


Баткен облусу

1) №17 А. Масалиев  атындагы орто мектеп, Кадамжай ш.;

Жооптуу куратор — Степан Фильшин

2) Кадамжай лицейи, Кадамжай ш.;

Жооптуу куратор — Кайратбек Мурзакимов

3) "Ак-Терек" орто мектеби, Лейлек айыл аймагы

Жооптуу куратор — Азамат Исмаилов


Жалал-Абад облусу

4) №37 М.Абдилажан  атындагы орто мектеп;

Жооптуу куратор — Наргиза Калмаматова

5)  №96 М. Торомаматов атындагы орто мектеп, Ынтымак а.;

Жооптуу куратор - Жанара Ибрагимова

7)  №2 А. Абдраимов атындагы орто мектеп,  Казарман а.

 Жооптуу куратор - Мэлс Эркинбек

 8) №32 Бекназар атындагы орто мектеп Кызыл-Ураан а.

Жооптуу куратор - Советбек Назаралиев

9) №29 М. Нургазиев атындагы орто мектеп, Уч-Терек а.

Жооптуу куратор - Советбек Назаралиев


Нарын облусу

10) Н. Жундубаева атындагы орто мектеп, Кочкор а.;

Жооптуу куратор — Таалай Насирдинов

11) Боогачы атындагы орто мектеп, Ак Муз а.;

Жооптуу куратор - Данияр Мурзабаев;

12) Керменбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп, Эмгектала а.

Жооптуу куратор - Нурзат Абдрасулова 

13) Т.Турсунбаева атындагы орто мектеп, Чаек а

Жооптуу куратор - Бактыгуль Аскералиева 

 

Ош облусу

14) №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназия, Ош ш.;

Жооптуу куратор — Алманбет Абылкасым уулу

15) О. Сайдилканова атындагы автордук мектеп, Кара-Кулжа а.;

Жооптуу куратор — Жодар Сайдилканов;

16) А. Калматов атындагы орто мектеп, Калматай а;

Жооптуу куратор - Сапарбек Акматов


Талас облусу

17)Ш. Шеркулов атындагы орто мектеп, Кок-Токой а.;

Жоопту куратор — Бакытжан Аманов

18) А.Нуржанов атындагы орто мектеп, Жол- Арык а.;

Жоопту куратор — Бакытжан Аманов

19) Т.Айтматов атындагы орто мектеп, Шекер а.;

Жоопту куратор - Руслан Ашымов


Чуй облусу

20) Чуй мектеп-гимназиясы, Таш-Добо а.;

Жооптуу куратор — Эмиль Уметалиев

21) №2 А. Турсуналиев атындагы орто мектеп, Ивановка а.

Жооптуу куратор — Сейтек Чалбаев

22) О. Исаев атындагы орто мектеп, Кегети а.

Жооптуу куратор - Эльдар Абакиров 

23). К. Шакиров атындагы орто мектеп , Сын-Таш а.

   Жооптуу куратор- Эльдар Абакиров

24) Калча орто мектеп, Дон Арык а.

Жооптуу куратор- Эльдар Абакиров

25) Д. Мамашева атындагы орто мектеп, Рот-Фронт а.

Жооптуу куратор- Эльдар Абакиров


Ысык-Көл 

26)  №10 Манас атындагы орто мектеп, Балыкчы ш.;

Жооптуу куратор — Эльзат Мамуталиева

27) И.А.Абдуразаков атындагы орто мектеп, Чолпон-Ата ш.;

Жооптуу куратор — Чолпонбек Жумашукуров

28) К. Эшимбеков атындагы орто мектеп,  Тегизчил а.;

Жооптуу куратор — Чолпонбек Жумашукуров

29) №11  мектеп-гимназия, Каракол ш.;

Жооптуу куратор — Эльдар Абакиров

30) Маман орто мектеби, Маман а.;

Жооптуу куратор — Улукман Карабукаев

31) К. Тыныстанов атындагы орто мектеп, Чырпыкты а.;

Жооптуу куратор — Тендик Тыныстанов

32) С.Кульматов атындагы орто мектеп, Жаны - Арык а.;

Жооптуу куратор - Азамат Исмаилов

33) Ж.Алышбаев атындагы орто мектеп, Кереге-Таш а.

Жооптуу куратор - Азамат Исмаилов

34) Ж.Бактияр атындагы орто мектеп, Кичи-Орукту а.;

Жооптуу куратор - Кудояр Бейше уулу

35) З.Мамбетсеитова атындагы орто мектеп, Балбай а.;

Жооптуу куратор - Жылдыз Галиева

36)  Р. Жангазиев атындагы орто мектеп, Кара-Коо а.;

Жооптуу куратор - Дастан Омуралиев

37) Токтогула Сатылганов атындагы лицей, Каракол ш.

Жооптуу кураторлор  - Назим Турдумамбетов; Элнура Казакбаева

38) Некрасов атындагы мектеп-гимназия №3, Каракол ш.

Жооптуу куратор  - Назим Турдумамбетов, Элнура Казакбаева

39) С.Абдрахманов атындагы орто мектеп, Кызыл-Суу а.

Жооптуу куратор - Айзада Марат кызы

40) Макаренко атындагы №3 орто мектеп, Балыкчы ш.

Жооптуу куратор - Алмаз Чаначев

41) А. Ахматов атындагы №4 мектеп-гимназиясы, Каракол ш;

Жооптуу куратор - Азамат Осмонобаев

Поддержать проект