Лидерлик Программа
ProKG профессионалдар клубу мега-билим берүүчү проект "ProKG" Лидерлик Программасын 19-24 жаш курактагы жаштарга ачык деп кубануу менен кабарлайт.

БУЛ ЭМНЕ?

ProKG Лидерлик Программасы -  бул биздин өлкөбүздүн адамдык потенциалына жана өсүп келе жаткан муундарына инвестицияланган билим берүү долбоору, өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү жаратылыш ресурстар эмес, илимий жана техникалык ачылышты тереңдетүүгө жөндөмдүү, билимдүү жана компетенттүү адистердин интеллектуалдык потенциалы болуп саналган Knowledge Economy өлкөнү курган жана биздин өлкөдө инновациялык чөйрөнү түзгөн адамдарды даярдоо болуп саналат. 

Программа биринчи жолу 2015-жылы ийгиликтүү ишке киргизилген жана бүгүнкү күндө өлкөнүн 150дөн ашык жаш лидерлери анын бүтүрүүчүлөрү болушту.

Жыл сайын өткөн долбоордун максаты – лидерлик сапаттарга ээ амбициялуу жаштардын потенциалын чыңдоо жана долбоордун катышуучулары жогорку квалификациялуу адистер менен таанышуу, нетворкинг түзүү жана алардын үлгүсүн карап эл аралык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон компетенттүү адистер болуп чыгышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошентип, Кыргызстандын адамдык өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшыртуу болуп саналат. 

Программа эмнеден турат? 

ProKG Лидерлик Программасы 2024 төмөнкү элементтерден турат:

• Жеке  жана профессионалдык өнүүгү боюнча баштапкы интенсивдүү тренинг - «Саякаттын башталышы», 3 күн Бишкек шаарынан тышкары жерде болот. Жыйынтыгында бардык катышуучулар чакан топторго бөлүнүп, биргелешкен долбоордун үстүнөн иштешет. Өткөн жылдары болгон тренингдердин видеосун бул шилтеме аркылуу көрө аласыз. 

• Лидерлик Программасы үчүн гана иштелип чыккан бир катар уникалдуу тренингдер жана сессиялар

Долбоорго катышуу убакытында Лидерлик Программасынын бардык катышуучулары чакан топтордо биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштеши керек экендигин белгилей кетүү маанилүү, бул белгилуу бир убакытты бөлүүнү билдирет.

Ошондой эле, Программанын этаптарынын ичине долбоордун аягына чейин боло турган менторство жана конок жолугушууларын камтыйт. Менторствонун, конок жолугушууларынын жана программанын толук маалыматы макулдашылып, кошумча түрдө жарыяланат.

ProKG Лидерлик Программасынын ар бир этабы эл аралык тажрыйбасы жана жогорку класстагы билими бар адистер тарабынан иштелип чыгып ишке ашырылат. Лидерлик Программасынын катышуучулары каалаган тармакта кызыктуу карьера жасоого, өзүнүн ийгиликтүү стартапын баштоого же жеке жана профессионалдык жашоосунда ийгиликке жетүүгө жардам бере турган эң маанилүү принциптер жана машыгууларды үйрөнө алышат. Тажрыйбалуу адистер ментор катары болуп, катышуучуларга профессионалдык жана жеке өнүгүү боюнча консультация беришет.

Лидерлик Программасы туралуу бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерин бул шилтеме аркылуу көрө аласыз.

PROKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫН ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ:

  • 19 жаштан 24 (кошо алганда) жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • Лидерлик потенциалы;
  • Өнүгүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга умтулуусу;
  • ProKG Профессионалдарынан жана Программанын катышуучуларынан үйрөнүүгө болгон каалоосу;
  • ProKG бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулугунун мүчөсү болуу жана билими, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө умтулуусу;
  • Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга калоосу;

КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ:

– Сынакка катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруу керек: АНКЕТАНЫ  2024-жылдын 25-февралына чейин, саат 23:59дан кечиктирбестен жөнөтүү;

– Анкетаны кыргыз, орус же англис тилдеринде толтурса болот;

– Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана ProKG Лидерлик программасынын тандоо комиссиясы менен интервьюга чакырылат;

АЛДЫН АЛА  ДАТАЛАР

Заявкаларды кабыл алуу: 2024-жыл, 25-февралына чейин;

Заявкаларды окуу: 2024-жыл, 26-февралдан, 10-мартка чейин;

Экинчи турга өткөндөрдүн интервьюсу: 2024-жыл, 20 февралдан 31-мартка чейин;

Жыйынтыктарды жарыялоо: 2024-жыл, 10-апрель;

Негизги сессия: болжол менен 2024-жыл, 15-17-апрель;

Бүтүрүү аземи: 2024-жыл, декабрь айы.

КӨҢҮЛ БУРУУ: Жумуштун жана кабыл алуулардын көптүгүнө байланыштуу ProKG Профессионалдар Клубу телефон аркылуу кошумча маалыматтарды жана суроолорго жоопторду БЕРБЕЙТ. Биз ошондой эле Клубдун корпоративдик почтасына конкурстагы статусуңузду билүү өтүнүчү менен ЖАЗБООНУ суранабыз.

ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫН ТИЛИ

ProKG Лидерлик Программасынын негизги жумушчу тили орус тили, бирок кыргыз жана англис тилдеринде да сессиялар болот.

ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШУУНУН БААСЫ

Бардык тандалган катышуучулар 1000 сом төлөшү керек. Бул программанын Бишкектен тышкары жерде өтө турган биринчи этабына катышуу менен байланышкан жол кире чыгымдарынын жарымын жабуу үчүн керектелет. Жатаканага, тамактанууга, ресурстарга жана кошумча материалдарга байланыштуу бардык чыгымдарды ProKG Профессионалдык Клубу тарабынан каржыланат.

Поддержать проект