Анкета толтуруу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
https://bit.ly/applicationPreKadam2025
Региондордогу 8-9-класстар үчүн “Кадам” долбоору. “Кадам” долбоорунун жаңы багытынын максаты – Кыргызстандын аймактарынан “Кадам” долбоорунун финалисттеринин санын көбөйтүү. Максатка жетүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы таланттуу мектеп окуучулары үчүн математика жана англис тили курстарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана чыгымдарды жабуу аркылуу жетишилет. Мындан тышкары, маалымат жана консультациялык жардам көрсөтөт. “Кадам” долбоорунун жаңы багытында менторлору катары учурда дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алып жаткан “Кадам” долбоорунун мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөрү иш алып барышат.
Жаңы багыттын ишке киргизилиши менен региондордон келген таланттуу окуучулар "Кадам" программасына кошулууга жана анын бардык артыкчылыктарын колдонууга, ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы университеттерине жол ачууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.
«Кадам» – ProKG Профессионалдар Клубу тарабынан дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте түзүлгөн билим берүү долбоору. Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын таланттуу, мыкты мектеп окуучуларына АКШнын алдыңкы университеттерине, анын ичинде Айви Лигасынын университеттерине бакалавриат боюнча окууга өтүүгө жардам берүү, ошону менен жаш муундун потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Долбоор экзамендерге даярданууга байланыштуу консультациялык, техникалык жана каржылык жардам көрсөтүү, документтерди тапшырууга жана аларга кеткен чыгымдарды жабууга көмөктөшөт. ProKG командасы алдыңкы университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен бирге университетке кабыл алынганга чейин коштоп, жардам көрсөтөт.
Долбоордун негиздөөчүлөрү: Кайнар Камалов жана Замир Акимбеков
Катышуу критерийлер:
Катышуучулар: 8-9-класстын окуучулары (2024-2025)
Окуу: мамлекеттик мектептин окуучусу
Тили: англис тил базасы (B1-Intermediate, жана жогору)
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы (же Кыргыз Республикасында жашаган)
Регион: Кыргыз Республикасынын аймактарынан (Бишкек жана Ош шаарларынын окуучулары уруксат берилбейт)
Көндүмдөр: коммуникабельдүүлүк, ишенимдүү, дисциплина, тырышчаактык;
Жетишкендиктер: белгилүү бир тармакта өзгөчө ийгиликтерге ээ болуу (мисалы, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, эл аралык спорттук же илимий мелдештердин жеңүүчүсү, волонтердук иш)
* Тандоодо артыкчылык академиялык көрсөткүчтөрү жакшы, англис тилин жакшы деңгээли, улуттук жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, квалификациялык эсселерди ийгиликтүү жазган талапкерлерге берилет.
Программага катышууда эмне аласыз?
Англис тили курсу 5 ай;
Математика курсу жана SAT математикасына алдын ала даярдануу;
Ар тараптуу өнүгүү жана алдыңкы университеттерге тапшырууга даярданууга багытталган тренингдер;
Кадам долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнөн жеке ментордук программа;
Дүйнөнүн алдыңкы университтеринде окуган студенттер менен баарылашуу
Долбоордун узактыгы 10 ай (сентябрь-январь)
Тандоо процесси:
Биринчи тур: анкета толтуруу (2025-жыл 15-март, 10:00ге чейин толтуруу);
Экинчи тур: англис тилинде видео тартуу;
Үчүнчү тур: интервью
Бүтүрүүчүлөр:
Биздин бүтүрүүчүлөр Америка Кошмо Штаттарынын жана Европанын эң мыкты университеттеринин студенттери. Мисалы, MIT, Lehigh University, KAIST, Hollins University, Minerva, North American University, Innopolis University, Tufts University, University of Twente ж.б.
Программага катышуу бекер!
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылыңыз:
hello@prokg.net / +996 777 88 44 99 (WhatsApp)