Миссия

ProKG миссиясы – келечек лидерлерин шыктандырган жана жол көрсөткөн профессионалдарды бириктирип турган аянтчаны негиздөө. Биздин иш-чаралар билим берүүгө, кесиптик жөндөмдүүлүгүн арттырууга ошондой эле жаштардын жеке өсүшүнө багытталган. Клубдун 2019-жылга чейинки узак мөөнөттүү максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

-Жыл сайын Клуб мүчөлөрүн 15 адамга көбөйтүү

-Жыл сайын 15 жаш лидердин жеке жана профессионалдуу өсүшүн бекемдөө

-“Менин Мектебим” долбоорунун алкагына кирген орто мектептердин санын көбөйтүү. Жогорудагы маалымат, 2014-жылы Клуб мүчөлөрүнун жалпы жыйынында кабыл алынган негизги Стратегиялык пландоосу. Клуб сандык эмес сапаттулукту жана эффективдүүлүктү камсыздай турчу жетишкендиктерди багынтуу тапшырмаларды өзунүн алдына кою менен ProKG клубунун келечек ээлери саналуучу жаш профессионалдар муунун тарбиялоого бүт күчүн жумшайт. Бул жагынын клуб өзүнүн чектелген ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен алдына жергиликтүү жана реалдуу түрдө ишке аша туруучу тапшырмаларды койду. Клуб ар убакта, уюмдун туруктуу өнүгүшү жана иш-чараларынын масштабынын кеңейүүсү үчүн убактысын, болгон күч аракетин жумшайт. Биздин максаттарды жана миссияны чогу ишке ашырууга кызыккан, бирге иштешүүнү сунуштаган адамдар жана организациялар болсо биз кызматташуу үчүн даярбыз!