Тарых

ProKG профессионалдар Клубу 2009-жылы төмөндөгү жаш профессионалдардын демилгелүү тобу тарабынан негизделген.  Таалай Насирдинов, Адилет Дадыбаев, Азамат Ибраимов, Ажара Бейшембаева, Чынгыз Жаманкулов, Руслан Карабукаев и Чолпонбек Жумашукуров.




Алгач Клуб, чеч жерде окуган жана иштеген Кыргыз Ресаубликасынын жараны саналган профессионалдардын байланыштарын бекемдөө жана тажрыйбалары менен алмашуу үчүн түзүлгөн расмий эмес аянтча болгон. Аралыктын алыстыгына, убакыттын айрымачылыгына карабастан Клубдун мүчөлөрү интернет аркылуу байланышта болуп, Кыргызстандын студенттери үчүн алгачкы профессионалдүү түрдө Skype жыйындарын, мастер класстарды жана презентацияларды өтүү менен Клубдун пайдубалын негиздешкен.

Өсүп келе жаткан Кыргызстандын жаш мууну менен идеяларын жана эл-аралык тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр болгон жарандарды, Клуб күндөн-күнгө катарына кошуп келүүдө. Бизнес байланыштарды түзүү жана ойлорду бөлүшүү тармагы эсептелген ЛинкеИн, Клубдун биринчи демилгелерин илгерилетүүгө жана уюмдун мындан аркы өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп берген аянтча болуп калды.

Клубду негиздөө демилгеси алгач, эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерин жана тажрыйбаларын түздөн-түз жаштарга бөлүшүп, шыктандыруучу  Кыргызстан профессионалдарына аянтча түзүп берүүгө келип такалган. Ушундан улам, “Менин Мектебим” аттуу Клубдун алгачкы долбоору 2010-жылы иштелип чыккан. Ар бир жаранга таасирин тийгизген өлкөбүздөгү 2010-жылдагы кайгылуу окуядан соң, Клуб мүчөлөрү бир нече жолу Кыргыз мамлекетинин келечеги жана өзгөрүүсү тууралуу талкууларды жүргүздү. Бул өңдүү талкуулар ар бир үйдө болуп болгону тарых жана талкуу үстүндө калып жаткан кезде, талкууну ар убакта жана ар ким кыла берээрин бирок иш-жүзүндө демилгелөө баарынын колунан келе бербээрин Клуб мүчөлөрү аңдаган. Ошентип, өздөрүнүн мектептерине жардам көрсөтүү менен чакан жерлерден баштоо демилгесине келген. 

Азыркы деңгээлдеги профессионализмге жетүү жолунда, “жашоосунда үлгү туткан жана чогу иштешүүгө жан тарткан адамдардын жоолуккандыгы себепчи болгон” – деген жыйынтыкка келишкен. Жакшы жашоодо, билимдүү болууда жана ийгиликтүү карьера курууда жогорудагы жыйынтыкын таасири болгон деп эсептешет. Жакынкы келечекте, алдыга өсүп келе жаткан аракетчил жаштарга Клуб мүчөлөрү өздөрү үлгү болуп, алдыга өсүшүнө себепчи болооруна бел-байлашты. Долбоордун максаты да ушунда турат. Ийгиликтүү жана ийгилик жолундагы адамдар аймактардагы иш-сапарында мектеп окуучулары менен жоолугуп, эмгекчилдик, туруктуулук, өзүн өзү өнүктүрүү, катылып жаткан таланттарды ачуу ж.б жаата көптөгөн багыттары көрсөтүп келет. 

Бул өңдүү жоолугушууларга жаш муун суусап тургандыгы анык. ProKG азыркы учурда, бизнес, инвестиция, банк тармагы, медицина, мамлекеттик жана эл аралык экономика, аудит, IT жана коом менен байланыш тармактарындагы жогорку квалификациялуу адистердин башын бириктирип турат. Биз, жаныбызды үрөп жана үмүтүбүздү байлап иштеп жаткан, Профессионалдар клубунун сандык жана сапаттык өсүшүнө себепчи болуучу үч долбоорду ишке ашыруудабыз. 

Ошентип, ProKG уюму бул:

  • Кыргызстан үчүн
  • Адамдар үчүн
  • Жеңил жана оор ийгилик окуялары үчүн
  • Профессионалдар үчүн