Эндаумент-фонд

Азамат Ибраимов

ЕБРР адъюнкт банкири. Банк жана каржылык сектордун жогорку квалификациялуу адиси. 

Дастан Омуралиев

КИМЭП бүтүрүүчүсү. ОсОО «Экопродукт Азия» компаниясынын негиздөөчүсү жана генералдык директору. 

Чолпонбек Жумашукуров

Гарварддык бизнес мектебинин бүтүрүүчүсү. Инвестор. McKinsey&Co, Goldman Sachs жана FCM мурунку кызматкери. 

Эмиль Уметалиев

Ишкер. "Kyrgyz Concept" негиздөөчүсү. Экономиканы жөнгө салуу министрлигинин мурдагы министри. 

Назира Бейшеналиева

Банк Азиянын директорлор кеңешинин төрагасы, филантроп (кайрымдуулук иштер менен алектенген адам) жана Гарварддык бизнес мектебинин бүтүрүүчүсү. 

Гульнара Каликова

Гарварддык укук мектебинин магистри жана Kalikova & Associates негиздөөчүсү. 

Кубат Алымкулов

Аудит боюнча өнөктөш Бейкер Тилли Бишкек

ЭНДАУМЕНТ ФОНДУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Эндаумент-фонду» — бул инвестициялык фонд, анын каражаттары кайрымдуулук иштери аркылуу түзүлөт, жана максаттуу мүнөздө жеке атуулдар жана юридикалык жактар тарабынан берилет. Фонддун каражаттары киреше табуу максатында жумшалат, жана бул аркылуу Эндаумент-фонддун тапкан кирешеси кайрымдуулук иштерге  жумшалуусу зарыл.

Эндаумент фонддор тууралуу кененирээк, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук борбору тарабынан даярдалган, аналитикалык макаладан окуй аласыз: http://www.nisi.kg/ru-analytics-936   БИЗДИН ФОНДДУН ТҮЗҮЛҮҮ ТАРЫХЫ ЖАНА МАКСАТТАРЫ

Биздин Эндаумент Фонддун түзүлүшүнүн максаты – Клуб жүргүзгөн иштердин туруктуу каржылануусу үчүн узак мөөнөттүк базаны камсыз кылуу жана узак мөөнөттүү перспективанын туруктуу өнүгүүсү болуп саналат. Биздин жарым жылдык талыкпас эмгегибиз, 2015-жылдын 11-октябрь күнү ProKG Эндаумент Фондунун түзүлүү келишимине анын негиздөөчүлөрү менен расмий түрдө кол коюу менен жыйынтыкталган. Алар: Эмиль Уметалиев, Гульнара Каликова, Чолпонбек Жумашукуров, Дастан Омуралиев, Назира Бейшеналиева жана Азамат Ибраимов. Биз бул адамдарга бул керемет демилгенин бир бөлүгү болуп бергендери үчүн жана биздин өлкөнүн өсүп келе жаткан жаш муундардын алдыга жылуусуна кошкон салымдары үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

ProKG профессионалдар клубунун Эндаумент Фонду ачык жана коомдук болуп саналат, андыктан бул фондко салым кошом жана бул керемет демилгенин бир бөлүгү болом деген кызыкчылыгы бар адамдардын сунуштарын биз ар дайым карап көрүүгө даярбыз. ProKG ЭНДАУМЕНТ ФОНДУНУН КӨЛӨМҮНҮН КӨБӨЙҮШҮ

2016 жылдын 6-январында, ProKG  Baker Tilly аудитордук компаниясы менен профессионалдар Клубунун Эндаумент Фонду алкагында кызматташуу келишимин түзүшкөн . Baker Tilly компаниясынын өкүлдөрү Юлия Абдуманапова жана Кубат Алымкулов (клубдун мүчөлөрү) Клубдун Эндаумент фондунун көлөмүн көбөйтүүгө каражат жумшай тургандары менен бирге, бул керемет демилгенин бир бөлүгү болууга даяр экендерин билдиришти. Өз учуруда, бул Клубдун жана клубка тиешелүү долбоорлордун финансылык туруктуулугун көзөмөлдөөчү узак мөөнөттүк базаны камсыз кылууга шарт түзүп берет.

Ошондуктан, Baker Tilly компаниясы ProKG Эндаумент фондунун 2015-жылдын октябрь айында түзүлгөнүнөн бери, алгачкы кошулган компания катары тарыхта калды.