Тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Жаштарды шыктандырабыз. Жаш лидерлерлерге жол көрсөтөбүз

Кыргызстандагы профессионалдар клубу

×
Биз кимбиз?
ProKG миссиясы – келечек лидерлерин шыктандырган жана жол көрсөткөн профессионалдарды бириктирип турган аянтчаны негиздөө. Биздин иш-чаралар билим берүүгө, кесиптик жөндөмдүүлүгүн арттырууга ошондой эле жаштардын жеке өсүшүнө багытталган. Ошол эле учурда, клуб толугу менен саясатты жана саясий максатарды көздөгөн эмес.
Тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз.
ProKG - бул жогорку деңгээлдеги адистер өз тажрыйба жана билимин, жаш муундун өкүлдөрү менен бөлүшкөн жер болуп саналат.
Жаштарды шыктандырабыз
ProKG өзүнүн жетишкендиктери жана ийгиликтүү кадамдары менен жаш муунду жаңы мүмкүнчулүктөргө шыктандырат.
Жаш лидерлерлерге жол көрсөтөбүз
Жаштардын кесиптик жөндөмдүүлүгүн жана лидерлик сапаттарын бекемдейт.
Биздин долбоорлор

Энелер-Мария

ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДЕРДИН ӨНҮГҮҮСҮ АРКЫЛУУ ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ

ProBooks

Мы рады объявить вам о ребрендинге NomadBooks под курированием Клуба профессионалов ProKG

ФинОлимп

Менин мектебим

«Менин мектебим» долбоору Клубдун эң алгачкы долбоорлорунун бири, анын негизги идеяларынын бириси – орто мектептердин жогорку класстагы окуучуларды жеке үлгү менен мотивациялоо.

Лидерлик Программа

ProKG профессионалдар клубу мега-билим берүүчү проект "ProKG" Лидерлик Программасын 19-24 жаш курактагы жаштарга ачык деп кубануу менен кабарлайт.
Профессионалдар клубунун негиздөөчүлөрү
Адилет Дадыбаев
Адилет Дадыбаев
Ажара Бейшембаева
Ажара Бейшембаева
Азамат Ибраимов
Азамат Ибраимов
Назира Бейшеналиева
Назира Бейшеналиева
Руслан Карабукаев
Руслан Карабукаев
Таалай Насирдинов
Таалай Насирдинов
Чолпонбек Жумашукуров
Чолпонбек Жумашукуров
Биздин айырмачылыктар жана артыкчылыктар!
ProKG Профессионалдар клубу, башка көптөгөн уюмдардан айырмалап турган уникалдуу өзгөчөлүктөргө ээ.
Бардыгы жаңы
Бардык долбоорлор жана иш-чаралар Клубдун бай тажрыйбасы жана мол билими бар профессионал мүчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Клуб ар тараптуу иш чараларда, мүчөлөрдөн сырткары тренерлерди жан эксперттерди алып келбейт, себеби өз алдынча ишке киргизүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.
Өзүн-өзү каржылоо
ProKG Профессионалдар клубу толугу менен өзүн-өзү каржылоого негизделген. Клубдун долбоорлору негиздөөчүлөр жана мүчөлөр тарабынан колго алынат. Ошол себептен уюмдун бюджети клубдун жеке мүчөлөрү бөлгөн каражаттын эсебинен толукталып турат. Иш-чараларында гранттарды жана донордук каражаттарды тартпайт.
Ыктыярдуулук
Ыктыярдуулук Коомго кызмат кылуу аркылуу жазаган иштерине акы албайт. Башка иштери бар болгондугуна карабастан Клубдун мүчөлөрү өздөрүнүн убактысын, каражатын жана энергиясын бөлүүгө даяр.
Ачык-айрымдуулук
Профессионалдар клубу өздөрүн элита же өзгөчө уюм катары эсептебейт . Биздин баалулуктарды жана миссияны бөлүшө билген ар бирөө менен ачык түрдө иштешүүгө даярбыз.
Ийгиликтүү жол
Клубдун ар бир мүчөсүнүн ийгилиги жана укмуштуудай жетишкендиктери уникалдуу окуяга ээ. Азыркы өсүп келе жаткан жаш муунга аба өңдүү керек болгон дал ушул мекендештерибиздин ийгилик сырларынын окуяларын, ProKG бөлүшкөнгө дайыма аракетин жумшап келет. Бул жөн гана окуялар эмес, “Кыргыз жергесинде өз күчү менен эч нерсеге жетүү мүмкүн эмес” – деген өңдүү ойлорду жоготууга багытталган, мамлекетибиздин жаңы тарыхы.
Ааламдашуу
Бүгүн, Клуб мүчөлөрүнүн катарында Сингапурда, АКШда, Германияда, Орусияда, Казакстанда жана дүйнө жүзүнүн башка аймактарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары бар. Аралыктын алыстыгына жана убакыт айрымачылыгына карабастан, клубдун иш-чараларына катышууга мүмкүнчүлүк табуу менен анын өнүгүшүнө баа жеткис салымын кошуп келет.
Мероприятия клуба
Биздин өнөктөштөр